Марал Радиосу

Кулубаев Тажикстандын президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстанга жасаган расмий сапарынын алкагында президент Эмомали Рахмон менен кездешти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Жээнбек Кулубаев мамлекет башчылардын макулдашууларын жүзөгө ашыруунун жүрүшүн айтып берген. Андан тышкары эки өлкөнүн алакасы, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар талкууланган.

Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Тажикстан мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар коюп, атайын өкүлдөрдүн коштоосунда «Рогун» ГЭСинин курулушу менен таанышкан.

Exit mobile version