Марал Радиосу

Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча Орусиядан адистер келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы кырдаал боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Маалым болгондой, учурда абал турукташкан, 9 от казан агрегаты, 4 турбогенератор иштеп жатат, суунун температурасы 60-65 градустун айланасында болууда.

Аны менен катар Энергетика министрлиги Орусиядан да атайын адистер келип, Кыргызстандын энергетиктери менен ЖЭБдеги кырдаал, аны оңдоп-түзөө иштерин талкуулап жатышканын билдирген.

Акылбек Жапаров ишти тездетүүгө чакырып, «Мындай жагдайлардын кайталанышына жол берүүгө болбойт. Бакыт Төрөбаев башында турган мамлекеттик комиссия окуянын ыктымал себептерин иликтейт. Ошол эле учурда имараттардын ичинде зарыл болгон учурда эскертүүчү жана көзөмөлдөөчү тиешелүү датчиктерди орнотуу зарылчылыгын карап көрүү керек», — деген.

ЖЭБди кайра куруу же дагы ушул сыяктуу жагдайлар Президенттин администрациясында өтө турган жыйында талкууланары айтылган кеңешмеде.

Exit mobile version