Марал Радиосу

Баткен: Чөө бөрү үч адамга жана мал-жандыктарга кол салган

Кечээ, 3-февралда КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы эпидемияга жана эпизоотияга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын чукул отуруму өттү. Бул тууралуу облустук администрациядан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 30- январда Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылында 3 жаранды чөө бөрү тиштеген.

Жабыркаган жарандар ооруканага кайрылып,аларга кутурмага каршы вакцина дайындалып, эмдөө алууда.

Бүгүнкү күндө үч жаран тең дарыгерлердин көзөмөлүндө,абалдары канааттандырарлык.

Чөө бөрү ошол эле күнү жок кылынган. Ал үч жарандан сырткары бир канча үй жаныбарларына да кол салган. Мынлан улам кутурма оорусунун алдын алуу максатында жабыркаган жаныбарлар да жок кылынган.

Учурда аймакта элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат, ветеринардык кызматкерлер тарабынан иттерди атуу иштери жүрүүдө.

 

Exit mobile version