Марал Радиосу

Президент Бишкек жылуулук электр борбору толук жаңыланарын айтты

Бишкек жылуулук электр борбору толук модернизация болорун президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде айтты.

Президент толук жаңылоо чоң каражатты талап кыларын жана каражат булактары табыларын билдирди.

2-февралга караган түнү болгон авария жылуулук борбордун эски бөлүгүндө катталган.

«Кептин баары ушул жерде жатат. 386 миллион долларга чала-була бирдеме кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп коюу керек эле.

Ал эми «жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок» дегендер – бет тырмарлык кылгандар, «кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп», мыйыгынан күлүп олтургандар. Азыр эми ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бердим. Албетте, чоң сумманы талап кылат. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми», — деди Садыр Жапаров.

Exit mobile version