Марал Радиосу

ЖЭБдеги авария: Мектеп жана бала бакчалар онлайн окутууга өттү

2-февралдын түнүндө болгон Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу Бишкектеги мектептер онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык Бишкек шаарындагы мектеп жана бала бакчалар бүгүн, 2-февралда онлайн окутууга өттү. Дагы кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, таңкы саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алынып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөн.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Түнкү кезекте турган 3 кызматкер жаракат алышып, ооруканага жеткирилген. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.

«Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү», — деп айтылган Энергетика министрлиги тараткан маалыматта.