Марал Радиосу

ИИМдин коллегиясы: 37 жетекчиге жаза берилип, 4 жетекчи ишинен алынды

Бүгүн, 31-январда ички иштер органдарынын 2023-жылда жасаган жумуштарынын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү.

Отурумдун жүрүшүндө коллегиянын чечими менен кызматтык милдеттерин аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн 37 жетекчиге тартиптик жаза берилип, 4 жетекчи кызматынан бошотулду.

Маалым болгондой, 2023-жылда 285 ички иштер кызматкерине тартиптик жаза берилген, алардын 68и жетекчилик курамдагы кызматкер болгон.

«Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин мыйзам чегинде коргоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн», — деди жыйындын соңунда ички иштер министри Улан Ниязбеков.