Марал Радиосу

Бишкекте тамеки тарткандарга 39 миң сом айып салынды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимиаты ички иштер бөлүмүнүн жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте «Тамеки чегүү» боюнча рейд өткөрүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Рейд «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамынын негизинде жүргүзүлгөн.

Анда бир катар коомдук жайлар, оюн-зоок мекемелери текшерилген. Натыйжада бул жаатта 3 протокол түзүлүп, 39 миң сом айып салынган.