Марал Радиосу

Зулушев тик учактын кыйрашын иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкектин четиндеги «Фрунзе-1» авиабазасында тик учактын кыйрашын иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 17-январда тик учак кулап, бир аскер каза болуп, калган 10 жоокер ар кандай жаракаттарды алып, 4-шаардык ооруканага жана Улуттук госпиталга кайрылышкан.

Бул факты боюнча ошол эле күнү Аскердик прокуратура тарабынан учуу эрежесин бузганы үчүн кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп, бардык экспертизалар дайындалды. Иш иликтенип жатканын, жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

«Коргоо министрлигинде Түндүк аскер округунун командачысы Кылычбек Айдаралиев ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди. Калган кызматкерлерге тергөөнүн жыйынтыгы менен баа беребиз», — деди башкы прокурор.

Бишкектин четинде кулаган тик учактын көз жумган учкучу Жайыл Самудиновдун 19-январда жерге берилген.

Жайыл Самудинов 1994-жылы Талас облусунда туулган. Орусиянын Сызран шаарындагы жогорку аскердик авиациялык академияны аяктаган. Өмүрүнүн соңку учурларында Коргоо министрлигинин Башкы штабында иштеп жаткан.

Exit mobile version