Марал Радиосу

Кыргызстандын балчылары өндүрүштөгү көйгөйлөрдү айтышты

Бишкекте өлкөдөгү балчылыкты өнүктүрүүдөгү жана аны экспортко чыгаруудагы көйгөйлөрдүн чечүү жолдору талкууланды. 2024-2030-жылдарга карата аарычылыкты өнүктүрүүнүн пландары, бал аарычылык кластерин түзүү, бал жана бал азыктарынын экспорттук потенциалы тууралуу сөз болду. Ага 160ка жакын бал тармагы менен алектенген ишкер катышты. Айыл чарба министрлиги балчылыкты өнүктүрүү жана ишкерлердин көйгөйлөрүн чечип берүү багытында иштер жасалып жатканын билдирди.

Ызатбек Байыш уулу балчылык тармагында 20 жылдан бери иштейт. Ал өндүрүмдү чет өлкөгө экспорттоодо чыгаша көп болорун айтат. Буга байланыштуу аз өлчөмдө чыгарылып турат. Ошондой эле ал Кыргызстандагы лабораториядан текшерилген товарлар көп өлкөлөрдө жарабай жатканын кошумчалады.

«Дүкөндөрдү ачып, иштетип баштаганыбызга беш жылдан ашты. Азыркы күндө Жапонияга экспорттоп жатабыз. Анда да аз көлөмдө жөнөтүп жатабыз. Ал жактын текшерүүсү оор. Жол кире да кымбат. Ошондуктан ири көлөмдө жөнөтпөйбүз. Ошондой эле Дубай, Бириккен Араб Эмираттарына чыгарабыз. Ал эми Кыргызстандын ичинде ар кайсы райондордо дүкөндөрүбүз бар. Кыргызстандын лабораториясы көп жерге жарабай калууда. Ошон үчүн Казакстан аркылуу чыгарууга туура келүүдө».

Балды кайра иштетүү жана бал азыктарын өндүрүү компаниясынын инженер-технологу Назгүл Ишенбаева ишкана балды кайра иштетип, чет өлкөлөргө экспортко чыгарарын айтат. Ал өндүрүштү башка мамлекеттерге сатыкка чыгарууда сапаты дайыма эле эл аралык талаптарга жооп бербеши мүмкүн экенин белгиледи.

«Биздин компания балды кайра иштетип, чет өлкөлөргө экспорттойбуз. Америка, Кытай, Жапония, Корея, Тайвань жана Араб өлкөлөрүнө экспорттойбуз. Сыртка чыгарууда бир катар көйгөйлөр жаралат. Мисалы, сапатында жана санында болушу мүмкүн. Балдын сапаты көп учурда эле эл аралык талаптарга жооп бере бербейт. Бүгүн иш-чарага келип, аарычылар менен өзүбүздүн тажрыйбабызды бөлүшүп жатабыз. Атайын таанытым даярдап келдик».

Кыргызстандын аарычылык палатасынын төрагасы Султан Аббасов бүгүнкү күндө бал жана бал азыктарын экспортко чыгаруу бир кыйла кыйын болуп жатканын билдирди. Айтуусунда, өлкөдө балдын сапатын текшере турган лабораториялар дээрлик жок.

Мындан сырткары ал өлкөдө бал өндүрүү тармагынын мүмкүнчүлүгү жогору экенине карабай, аз көлөмдө өндүрүлүп жатканын белгиледи.

«Ачыгын айтканда, бүгүнкү күндө балды өтө аз көлөмдө өндүрүп жатабыз. Биздин бул жаатта мүмкүнчүлүгүбүз үч-төрт эсе жогору. Ушуну туура жолго салса, жакшы болот эле. Азыркы учурда бал азыгы эле экспортко кетип жатат. Андан башка эне сүтү, пирга жана башка түрлөрү бар. Булардын балга караганда баасы бир топ кымбат. Медицинада да керектелет. Ушул тармактар каралбай калууда. Өндүрүлүп жатат, бирок экспортко чыгарыла элек. Ал эми тоскоолдуктарга токтолсок, көлөмү азыраак болуп жатат. Андан кийин лаборатория көйгөйү бар. Кыргызстанда балдын бир канча түрүнүн сапатын текшере турган лаборатория жок. Анан товар башка жакка чыкса, туура эмес заттар чыгып калса, Кыргызстан туура эмес тизмелерге кирип калышы мүмкүн».

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров статистика боюнча 1990-жылдары өлкөдө 12 миңден ашык бал менен алектенген фермер бар болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 2 миңге кыскарганын маалымдады. Ошондой эле өндүргөн продукцияларынын көлөмү дээрлик он эсе кыскарган.

Мындан сырткары Алияскаров азыркы күндө бал тармагын өнүктүрүү жана ишкерлердин көйгөйлөрүн чечип берүү багытында иштер жүрүп жатканын билдирди.

«Бүгүнкү иш-чара балчылардын, аарычылардын баштарын бириктирип, бал тармагындагы көйгөйлөрдүн бардыгын кенен талкуулоого жана аларды чечүүгө багытталган. Өлкөдө бал өндүрүүнүн көлөмү жылына 2,5 миң тоннанын тегерегин түзөт. Анын 500 тоннасын экспортко чыгарабыз. Бал өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатууда бир топ орчундуу маселелер бар. Кыргызстанда 19 лаборатория бар. Бирок ар бир лабораторияда балдарды анализдеп, аарылардын ооруларын аныктай турган адистер да жетишсиз болууда».

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, Кыргызстан өткөн жылы 439 тонна бал ЕАЭБге кирген жана кирбеген өлкөлөргө экспорттогон.

Бүгүнкү иш-чара Кыргызстандын аарычылар палатасынын жана USAIDдин Борбордук Азиядагы соода ишмердүүлүгүнүн колдоо долбоору менен биргеликте өттү.

Exit mobile version