Марал Радиосу

Ошто «Фейсбук» колдонуучу «аймактык кастыкты козутууга» шектелип кармалды

Кара-Суу районунда «аймактар аралык кастыкты козуткан» деген шек менен «Фейсбук» социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

«Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу өзүнүн жеке баракчасына региондор аралык кастыкты, араздашууну козутууга багытталган материалдарды жүктөгөндүгү тууралуу маалымат алынган. Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Дайындалган экспертиза «баракчанын ээси Г.А. жүктөгөн билдирүүдө аймактар аралык кастыкты козуткан лингвистикалык бирдиктер камтылган» деген корутунду чыгарып берген.

Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси иш ачылган. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1981-туулган тургуну Г.А. кармалып, камакка алынган.

Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Exit mobile version