Марал Радиосу

Мадумаровдун иши боюнча элчи Казакбаев көрсөтмө берүүдө

Бүгүн, 30-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Отурум жабык өтүп жатат. Күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов, президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Шерматов суракка чакырылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров былтыр 2-сентябрда кармалган. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Мадумаровго 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган.

Ошондой эле Мадумаровго 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан адамдын арызына байланыштуу кылмыш козголгон. Ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 50 миң бергенин айткан.

Башкы прокуратура 2023-жылы Мадумаровду жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизип, депутаттык комиссия прокурордун сунушун колдогон.