Марал Радиосу

Элеттеги аялдардын кирешесин көбөйтүүгө багытталган долбоор башталды

Кыргызстанда «Коом үчүн интернет» коомдук фонду (IFS) «Аялдар креативдүү экономикада-WOICE» (Women in Creative Economy) долбоору башталды. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоордун негизги өнөктөшү JIA бизнес биримдиги.

Долбоор Жалал-Абад жана Баткен облустарына да жайылтылат. Максаты — аймактарда ишкердикти өнүктүрүү жана креативдүү экономика аркылуу аялдардын кирешесин жогорулатуу.

Анда эки негизги багыт: кол өнөрчүлүк тармагындагы ишкер аялдар үчүн 2 айлык акселерация программасы жана Ош облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча интенсивдүү тренинг каралган.

IFS коомдук фондунун директору Данияр Усенов белгилегендей, WOICE долбоору аймактарда жашаган аялдарга кол өнөрчүлүк боюнча жаңы технологияларды колдонуп, үйдө отуруп эле киреше тапканга жардам берет. Бул миграцияны азайтып, аялдарга үй-бүлөлүк жашоону кесипкөйлүк менен айкалыштырууга шарт түзөт.

Акселерация программасы

2024-жылдын январь айында Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу, Өзгөн райондорунан, ошондой эле Ош шаарынан 20 таланттуу кол өнөрчү аял үчүн онлайн жана оффлайн тренингдери өттү. Программанын катышуучулары креативдүү ой жүгүртүү, брендинг, маркетинг жана сатуу, социалдык медиа маркетинги, каржыны башкаруу жана онлайн платформалар аркылуу салыктарды тапшыруу боюнча окутуулардан өтүштү. Кийинки этапта алынган билимдерин бизнесте пайдалануу боюнча эксперттер менен консультациялар өткөрүлөт.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн тренинг

Быйыл март айында Ош облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн бир күндүк интенсивдүү тренинг өткөрүү пландалууда. Тренингге катышкандар өз шаарларында жана аймактарында креативдүү экономиканы өнүктүрүүдө потенциалын жогорулатат. Алар башка мамлекеттерде креативдүү экономиканын ийгиликтүү өнүгүшүнүн мисалдыры менен таанышып жана тренер менен креативдүү экономика жөнүндөгү жаңы мыйзамды талкуулашат.