Марал Радиосу

Бишкекте 1-класстын окуучулары 12-февралдан 17-февралга чейин эс алат

Бишкекте 1-класстын окуучулары 12-февралдан 17-февралга чейин эс алат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Окуучулар мектепке 19-февралдан тарта бара баштайт.

1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникул Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде мэриянын Билим берүү департаменти тарабынан белгиленген.