Марал Радиосу

31-январдын аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 31-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+2,

Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн

-4…+1, күндүз +1…+6,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -6…-11.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз -1…-3 болушу күтүлөт.