Марал Радиосу

Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров дүйнөдөн өттү

Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров 84 жашында дүйнөдөн өттү. Кабарды Кыргыз улуттук жазуучулар союзу угузду.

Жазуучу, котормочу Мелис Абакиров 1940-жылы 15-мартта Чүй районундагы Бурана айылында жарык дүйнөгө келген. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун жогорку окуу жайды аяктаган жылы орто мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.

1965-жылдан 1970-жылга чейин Тоң райондук «Эмгекчил» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары кызматтарын аркалаган.

1970-1971-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, 1971-1979-жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер, өз кабарчы, жооптуу катчынын орун басары, 1979-1985-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик басма комитетинде башкы редактор, 1985-1988-жылдары «Мектеп» басмасында бөлүм башчы, 1988-1992-жылдары «Адабият» басмасында башкы редактор, 1992-1998-жылдары ушул басмада директор, 1998-2005-жылдары «Акыл» акционердик коомунда төраганын орун басары – «Кыргызстан» басма үйүнүн башкы редактору, 2004-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын мартына чейин Кыргыз улуттук жазуучулар союзунда катчы болуп иштеген.

Мелис Абакиров адабиятка 1978-жылы «Жаштык рапсодиясы» аттуу аңгемелер жыйнагы менен аралашкан. Андан бери «Алчалуу төр», «Көкөй кести», «Эрөөл», «Барымта» сыяктуу ондогон китептери жарык көргөн.

Лев Толстойдун, Хуан Рамон Хименестин, Олег Шестинскийдин, Арпад Генцтин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Өзүнүн да бир катар чыгармалары орус, түрк жана башка тилдерде которулуп, жарык көргөн.

Мелис Абакировго 2011-жылы «Кыргыз эл жазуучусу» ардак наамы ыйгарылган, 2021-жылы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Кыргыз эл жазуучусун акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Exit mobile version