Бишкек шаарындагы коомдук унааларга жол кире эртең, 30-январдан тарта жогорулайт. Бишкекте жол кирени көтөрүүнү демилгелеген мыйзамды шаардык кеңеш өткөн жылдын 27-декабрында кабыл алган.
Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, 30-январдан тарта автобус-троллейбустарга жол кире төмөнкүдөй тартипте төлөнөт:
- Накталай төлөм — 20 сом;
- «Тулпар» картасы менен төлөм — 17 сом;
- Megapay тиркемеси менен төлөм — 11 сом.
Ал эми маршруттук кичи бустарга жол кире 20 сомдон болот.