Марал Радиосу

2006-жылы болгон кылмыштык аракет быйыл аныкталды

Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жер тилкесин сатуудагы мыйзамсыз иштердин бетин ачты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1991-жылы Аламүдүн райондук кеңешинин депутаттары Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнө эс алуу жай куруу үчүн 5 гектар 70 сотых жер тилкесин спорт аянтчасы, жайыты, көлмөсү менен кошо бөлүп берген. Бирок чечим ишке ашпай, жер тилке бош турган.

2006-жылдын ноябрь айында Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүп, аталган жердин 4 гектар 30 сотыхын, көлмөсүн, жайытын 95 миң сомго мыйзамсыз сатып жиберген.

Бул боюнча ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен иш козгогон. Учурда иликтөө, тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Exit mobile version