Марал Радиосу

Ош шаарындагы автомектептерге 106 миң 500 сом айып салынды

Ош шаарындагы автомектептер текшерилип, жалпы 106 миң 500 сомдук айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Текшерүүнү Ош милициясынын кайгуул кызматы 22-январдан 28-январга чейин жүргүзүп, анда унаалардын техникалык абалы каралган.

Жыйынтыгында төмөнкүдөй протоколдор түзүлгөн:

  • лицензия алуудагы талаптарды бузганы үчүн – 5 протокол;
  • камсыздандыруу эрежесин бузганы үчүн – 1 протокол;
  • уруксат берилбеген кошумча жабдууларды орноткону үчүн – 1 протокол;
  • айдоо учурунда окуу эрежесин бузганы үчүн – 1 протокол.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалыматында мындай текшерүүлөр мындан ары да уланарын эскеркен.

Exit mobile version