Марал Радиосу

Түркия: Стамбулдагы чиркөөгө террорчулар кол салып, бир адам окко учту

Түркиянын Стамбул шаарындагы Санта Мария католик чиркөөсүнө кол салуудан бир адам каза тапты. Маалыматты өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая «Фейсбук» баракчасына жазды.

Кол салуу бүгүн, 28-январда Стамбулдун Сарыйер аймагында жергиликтүү убакыт боюнча 11:40 (Бишкек убактысы боюнча 2:40) чамаларында, жекшембилик сыйынуу учурунда болгон.

Бет капчан эки адам чиркөөгө кирип келишип ок чыгарышкан. Андан Т. Ж. аттуу бир адам окко учкан.

«Куралдуу кол салууга айыптууларды кармоо үчүн иликтөө-тергөө иштери башталды. Жийиркеничтүү кол салууну кескин түрдө айыптайбыз», — деди Али Ерликая.

Түркиянын юстиция министри Йылмаз Тунч да бул куралдуу кол салууну айыптай турганын билдирип, прокуратура тарабынан иликтөө-тергөө иштери башталганын кабарлады.

«Бир адамдын өмүрүн алган кол салуу боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүгө Стамбул прокурорунун орун басары жана да эки прокурор дайындалды. Тергөө кылдат жана ар тараптуу жүргүзүлүүдө», — деп жазды ал.