Марал Радиосу

Баткенде унаа сүзүп кеткен адам каза тапты. Айдоочу кармалды

Кадамжай районунда унаа коюп кетип каза тапкан адамдын өлүмүнө шектелген айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү билдирди.

Кырсык бүгүн, 28-январда түнкү саат 3:00 чамасында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында болгон.

Кызыл-Кыя – Кулатов жолунун боюнда отурган Ноокат районунун Ынтымак айылынын 1975-жылы туулган тургуну К.К.А.ны унаа сүзгөн.

Айдоочу дароо из жашырып кеткен. Унаа сүзгөн адам ошол жерден жан берген.

Бул боюнча Кадамжай райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү «тосмо» рейдин уюштурган. Анын негизинде Ford Focus унаасынын айдоочусу, Ноокат районунун 2002-жылы туулган тургуну К. уулу М. кылмышка шектелип кармалган.

Учурда унаа айып короого киргизилгени, айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилгени айтылды.

Exit mobile version