Марал Радиосу

Кылмыш-жаза кодексине мал уурулук боюнча берене кошулду

Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) «мал уурулук» боюнча да бөлүм кошулду.

Бул жаатта Жогорку Кеңеш 2023-жылы 13-декабрда кабыл алган мыйзамга Президент Садыр Жапаров кечээ, 27-январда кол кол койду.

Мыйзамга ылайык, бир малды уурдап кеткендер 100 сааттан 180 саатка чейинки коомдук иштерге же 2 айдан 6 айга чейинки түзөтүү иштерине тартылат, же 200дөн 500гө чейинки эсептик көрсөткүчтө айып пул төлөйт, же 6 айдан 2 жылга чейин эркиндигинен ажырайт.

Ири өлчөмдө уурулук жасалган учурда 2 айдан 3 жылга чейинки түзөтүү жумуштарына тартылат же 1000ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтө айып пул төлөйт, же 3 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажырайт.

Эгерде ондон ашык малды уюшуп айдап кеткен учурда кылмышкерлердин ар биринин мүлкү конфискацияланып, өздөрү 5 жылдан 8 жылга чейин эркиндигинен ажырайт.

Ошол эле уюшкан топ жыйырма бештен ашык малды уурдап кеткен учурда ар биринин мүлкү конфискацияланып, өздөрү 8 жылдан 12 жылга чейин эркиндигинен ажырайт.

Ошондой эле берененин 2-3-4-бөлүктөрүндө каралган кылмыш үчүн жазага 14 жаштан жогорку курактагылар гана тартылары белгиленген.