Марал Радиосу

Ош: Туман тарап, аба каттамдар жандандырылууда

«Ош» аэропорту тумандан улам кармалып турган каттамдар жандандырылганын кабарлады.

Туман тарагандыгына байланыштуу саат 13:30дан тарта аба каттамдары калыбына келтирилди.

27-январда түнкү саат 03:20дан тарта коюу туман болуп, «Ош» эл аэропортунда бардык аба каттамдары кармалып турган.