Марал Радиосу

«Бардык мал-мүлкүн алабыз». Ташиев Матраимов боюнча айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы соодагерлер менен жолугушуу учурунда бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бардык мүлкү конфискацияланарын айтты.

Ал Матраимовго байланыштуу Ош облусу боюнча 50гө жакын ар кандай мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматтан алынганын маалымдады.

«Матраимовго азыр издөө жарыяланды. Анын Ош облусунун тегерегиндеги, Кыргызстандын аймагындагы бардык мал-мүлкүн алабыз, бир сотых жерин калтырбайбыз. Ал кайтып келсе да мурдагы кыйын, «Раим миллион» болбойт. Жөнөкөй адам болуп, Кара-Сууга барып, силердин араңарда соода кылса, жанын багат. Болбосо өзүнө кыйын болот. Мурдагыдай клан болбойт», — деди Ташиев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялаганы бир күн мурун маалым болду.

Алардын маалыматына караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 3-бөлүмү (уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, жүрүү эркиндигин чектөө) менен айыпталып жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Райымбек Матраимовго 2021-жылы «коррупция» беренеси менен иш козгогон. Бул иш боюнча сот аны күнөөлүү деп таап, айып төлөөгө милдеттендирген.

Райымбек Матраимов да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төгүп берген.

2023-жылдын 2-ноябрында төрага Камчыбек Ташиев УКМКнын Кемин райондук бөлүмү үчүн салынган имараттын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө мындан ары мамлекетте «Матраимов мафиясы» болбосун эскерткен.