Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу болду

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында 26-январда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болду.

Анда чек аранын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселеси талкууланып, жумушчу топтордун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Exit mobile version