Марал Радиосу

Кара-Сууда тамеки чыгарган жашыруун фабрика табылды (видео)

Кара-Суу районунан тамеки чыгарган жашыруун фабрика табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Иликтөөдө аталган фабрика 2022-жылы курулганы, ушул кезге чейин жашыруун иштеп келишкени аныкталган.

Тамеки чыгарган жабдуулар Бириккен Араб Эмираттарынан алып келинген. Алардын жалпы баасы 470 миң долларды түзөт.

Чийки заттар да (тамеки кагазы, чыпкасы), башка керектелүүчү компоненттер да чет өлкөдөн жеткирилип турган.

Акциздик маркасы, уруксат кагазы жок өндүрүлгөн тамеки Кыргызстандын аймагында сатылып, андан тышкары коңшу өлкөлөргө да чыгарылып келген.

Тинтүү учурунда фабриканын кампасынан тамеки кагазы, этикетка, фольга, лента, чыпка сыяктуу чийки заттар, мыйзамсыз чыгарылган «Marlboro», «Platinum», «Asia», «Blue Sky», «WT» маркаларындагы 97 блог тамеки табылган.

Фабриканын кожоюндарынын бири болуп саналган О. В. аттуу чет элдик адам кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул ишке катышы бар башка адамдарды да издөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Exit mobile version