Марал Радиосу

Бишкектеги «Дордой Моторс» базарынан контрафакт товарлар табылды

Салык кызматкерлери Бишкек шаарындагы «Дордой Моторс» базарына текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү уруксат кагазы жок контрафакт энергетикалык суусундук сатып жаткан түйүн табылган.

Товар алып келүүдө тиешелүү салык төлөнгөн эмес, Кыргызстанга аткезчилик жол менен киргизилген.

Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгарылган жалпы 6 миң 876 банка суусунундук тартылып алынган.

Сатуучуга мыйзамдуу чаралар көрүлөрү айтылат маалыматта.

Exit mobile version