Марал Радиосу

Кытайдан Ошко уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келгендер аныкталды

Кыргызстанга Кытайдан уюлдук телефон, анын аксессуарлары жана тиричилик буюмдарын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.

«Түштүк-Батыш» бажынын кызматкерлери УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча 6-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жалган декларациялоо фактысын аныкташкан.

Кытайдан «Ю.Т.» ЖЧКсынын дарегине айыл чарба техникасынын тетиктери катары көрсөтүлгөн товар алып келинген. Көрсөтүлгөн документтерге ылайык, товардын жалпы салмагы 23 миң 185 кг түзгөн. Бирок декларацияланган товардын салмагы болгону 4224 кг экени аныкталган.

Калган 18 961 кг товар уюлдук телефон, аксессуарлар жана тиричилик буюмдары болгон. Мамлекетке келтирилген алдын ала зыяндын суммасы 4 млн сом.

Бул факты каттоого алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилет.