Кыргызгидромет билдиргендей, 26-январда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы -1…-3, күндүз 0…-2 болот.