Марал Радиосу

Өзбекстан менен Кытай Хоргос аркылуу жүк ташууну жолго койду

Кытайдын Чыгышын Борбор Азия менен байланыштырган жаңы соода жолу ачылды.

Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалыматында, Өзбекстандын эл аралык жүк ташуучулар уюму Кытайдан жаңы багыттагы жол аркылуу жүк ташууну жолго койду.

Жаңы соода жолу Өзбекстанды Кытайдын чыгыш тарабындагы Синдао шаары менен байланыштырып, ал аркылуу жүктөрдү ташуу арзан жана коопсуз болору айтылууда.

Кытай менен Өзбекстан байланыштырган бул соода жолу Казакстан аркылуу өтүп, казак-кытай чек арасына курулган Хоргос аркылуу Кытайдын Сары деңизинин жээгине чейин жетет.