Марал Радиосу

Сокулукта сугатка бөлүнгөн акчаны кымырып алгандарга иш козголду

Сокулук райондук прокуратурасы сугатка бөлүнгөн акчаны кымырып алгандарга иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облустук өнүктүрүү фондунун, Сокулук районундагы Кызыл-Туу жана Зууракан Кайназарова айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен айыпталып жатышат.

Маалым болгондой, «Сугат тармактарын капиталдык оңдоо» жана «Эски темир-бетон лотокторду алмаштыруу» долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында айтылган мекемелер «Н.Л.» компаниясы менен келишим түзүшкөн.

Натыйжада келишимде көрсөтүлгөн иштер таптакыр аткарылбаганына карабай, мекемелердин кызматкерлери 2022-жылдын 24-августунда жасалма акт түзүшүп, компанияга 5 млн 773 миң 813 сом которуп жиберишкен.

Бул материалдар Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилгени, тергөөнүн жүрүшү көзөмөлдөнүп турары айтылган маалыматта.