Марал Радиосу

Жапаров мамлекеттик иштерге жаш кадрларды тартууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин отчеттук жыйында аймактардагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен сүйлөштү.

«Ректорлор, жаш кадрларды мамлекеттик ишке аралаштырыңыздар, долбоорлорду жазышсын, консультант болушсун. Андан соң губернаторлор аларды жумушка тарткыла, борбордук органдарга да сунуш кылыңыздар. Ал үчүн буга губернаторлорду кызыктырып, эки тараптуу келишимдерди түзүп, мыкты бүтүрүүчүлөрдү алып калууга стимул берүүнүн үстүндө ойлонуңуздар. ЖОЖдор чыгарган кадрлар башка жактарга кетип калбай облустун потенциалын жогорулатууга салым кошкондой болсун», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле мамлекеттик саясатты, президенттин саясатын аткаруучулар жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери экенин, ошол себептүү жогорку деңгээлде иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.

Өкмөттүн отчеттук жыйынына президенттин облустардагы өкүлдөрү, мэрлер, акимдер, ЖОЖдордун ректорлору катышууда. Алар 22-26-январь күндөрү окуу семинарларга да катышат.

Exit mobile version