Марал Радиосу

Калктын кирешеси көбөйгөнү менен инфляция да ошончо болууда

Экономика жана коммерция министрлиги калктын акчалай кирешеси акыркы эки жылда 40 пайызга өскөнүн билдирди. Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында орточо айлык 32 миң сомду түздү. Пенсиянын орточо өлчөмү 19,5%га, ал эми айлык, социалдык жөлөк пул эки эсеге көбөйгөн. Экономисттер инфляциялык процесстерге байланыштуу элде акчалай кирешенин көбөйгөнү байкалбай жатканын айтышат.

Экономика жана коммерция министрлиги өткөн жылдын январь-ноябрь айларында орточо номиналдык айлык 32 миң 142 сомду түзүп, калктын акчалай кирешеси эки жылда 40 пайыздан ашык өскөнүн билдирди.

Экономист Эрлан Камалов номиналдуу түрдө калктын акчалай кирешеси эки пайызга өскөнүн белгилеп, бирок ошол эле учурда кирешенин номиналдык өсүшү менен акча массасы көбөйүп, инфляциялык процесстерди тездетип жибергенин айтат.

Экономист ошол себептүү кирешелердин реалдуу өсүшү элге жакшы байкалбай жатат деген пикирде.

«Экономикада керектөө бааларынын индекси деген тариф бар. Ал инфляция менен реалдуу кирешелердин өсүшүн көрсөтө турган көрсөткүч. Ошондуктан номиналдуу түрдө айта турган болсок, калктын кирешелери эки эсе өстү. Себеби мамлекеттик бюджеттен каржылануучу тармактагы эмгек акылар эки эсе көбөйдү. Мисалы, жөлөк пулдар, пенсиялар жана башкалар жогорулады. Ошондуктан номиналдуу түрдө чынында киреше өстү. Бирок ошол эле учурда кирешенин номиналдуу өсүшү менен акча массасы көбөйүп, ал инфляциялык процесстерди бир кыйла тездетип жиберди. Ошон үчүн кирешелердин реалдуу өсүшү элге сезилбей жатат».

Өткөн жылы 11 айда ички дүң продукциянын көлөмү 1 тлрн сомдон ашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II Элдик курултайда билдирген.

Анын айтымында, өлкөдө экономика жаатындагы иштер жакшы динамика менен бара жатат. Жапаров тышкы саясаттын туура жүрүшүнөн 2022-жылы өлкөнүн экономикасына 1,2 млрд доллар түз чет элдик инвестиция тартылганын айткан.

Дагы бир экономист Кубанычбек Идинов элдин акчалай кирешеси өскөнү менен керектөөсү ошончолук көбөйүп жатканын белгиледи.

Ал инфляциянын эмне себептен өсүп жатканын аныктап, чечүү жолдорун иштеп чыгуу керектигин сунуштады.

«Киреше канчалык көбөйгөнү менен чыгаша да ошого жараша көбөйүүдө. Өзүбүздөн чыккан продукциялар анчалык кымбат эмес. Ал эми импорттолуп келген товарлар инфляция болууда. Киреше өсүп жатса, бир жагынан инфляция да ошончолук өсүп, эл сезбей жатат. Улуттук банк бул жаатта активдүүрөөк иштесе жакшы болмок. Өкмөт Улуттук банк менен биргеликте элге кирешенин өсүшүн байкатуу, сездирүү үчүн көйгөйдү чечиши керек. Кайсы товарлар инфляция болуп жатканын аныкташы керек. Ишкерлер канчадан алып, канчадан сатып жатканын кароо керек. Ишкерлер менен чогуу элдин да кызыкчылыгын эстен чыгарбоо зарыл».

Буга чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Кыргызстанда эки жыл ичинде жумушсуздардын саны 7,7% кыскарганын «Жакырчылык жана теңсиздик» аттуу улуттук өнүктүрүү форумунда билдирген.

Айтуусунда, жумуш таап берүү жана кесипке багыт берүү жаатында аткарылган иштердин натыйжасында калкты иш менен камсыз кылуу көрсөткүчтөрү жакшырган, эки жылдын ичинде атайын кызматтар аркылуу 60 миңден ашык адам жумушка орношкон.

Экономист Азамат Аттокуров калктын акчалай кирешеси акыркы эки жылда 40%дан ашык өскөнүн реалдуу эмес деп эсептейт. Анын айтымында, калктын акчалай кирешесинин жылдык өсүшү 10 пайызды гана түзөт.

«Бизде экономиканын өсүшү 6 пайыз деп чыкты. Инфляция 10-11 пайызды түздү. Демек, инфляциянын жогорулашы өтө тез болууда. Орточо айлыктын да көрсөткүчү ар кандай маалыматтарда ар башка чыгып жатат. Мисалы, Бишкекте 23 миң жана 40 миң деп маалыматтар берилүүдө. 23 миң деген реалдуу, ал эми 40 миң болушу реалдуу эмес. Бул мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү. 40 миң деген күмөн да Бишкек үчүн. Бул реалдуу эмес. Себеби экономика 6,5 пайызга өссө, киреше кантип 40 пайызды түзөт. Кирешенин максималдуу өсүшү жылына 10 пайыздын гана тегерегинде болот. Ал эми эки жылда 40 пайыздан ашык өсүшү мүмкүн эмес».

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстан калкынын акчалай кирешеси 5,1 пайызга кыскарган.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардын акчалай кирешесинин көлөмү 425 миллион сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга кемиген.

Ал эми жан башына киреше айына 5 миң 600 сом 40 тыйын деп эсептелип, 2019-жылдан 6,9 пайызга аз болгон.

Exit mobile version