Марал Радиосу

Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатынан 2 медаль утту

Кыргызстандык Илья Тяпкин менен Гүлшаной Сатарова Гонконгдун Standard Chartered Hong Kong Marathon иш-чарасынын алкагындагы марафон боюнча Азия чемпионатынан олжолуу болушту. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясы маалымдады.

Аталган марафон Дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын критерийи боюнча алтын лейблге ээ. Ага дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн келген мыкты спортчулар катышкан.
Сатарова марага 2 саат 36 мүнөт 32 секундада келип, аялдар арасында күмүш медалга ээ болду. Ал эми Тяпкин 2 саат 18 мүнөт 18 секундада келип, эркектер арасында коло медалга татыды.
«Бул ата мекендик спорт үчүн чоң жетишкендик, анткени аталган марафон кыйла татаал жана абройлуу болуп эсептелет. Спортчуларыбыздын байгеси жөө күлүктөргө жана жеңил атлетиканын өнүгүшү үчүн стимул болуп берет деген ишенимдебиз», — деди Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Мелис Надыров.