Марал Радиосу

Кыргызстан менен Сауд Аравия беттешин жапониялык калыс тейлейт

2023-жылкы Азия Кубогунун эртеңки Кыргызстан — Сауд Аравиясы беттешинде калыстар бригадасын жапониялык ФИФА калысы Иида Жумпей жетектейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери — Михара Жун жана Такаги Такуми жардам беришет. Ма Нинг резервдик арбитр болуп дайындалган.

VAR-системасында да Жапониядан келген адистер Кимура Хируеки жана Араки Юсуке иштешет.

Белгилей кетсек, эртеңки Кыргызстан менен Сауд Аравиянын беттеши Дохадагы Ахмат бин Али стадионунда өтөт. Бишкек убактысы боюнча беттеш саат 23:30да башталат.

Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтүп жатат.