«Ак-Тилек-унаа жолу» чек ара пунктунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, ичинде 4 млн даана 200 куту даяр тамеки буюмдары болгон «Вольво» үлгүсүндөгү автоунаа кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Мамлекеттик салык кызматынын адистеринин биргелиги менен ыкчам- тергөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо, ошондой эле жогорудагы кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.