Марал Радиосу

БАЭ Өзбекстандын жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарды

Өзбекстандын жарандары 16-февралдан баштап Бириккен Араб Эмираттарына визасыз кире алат. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 16-январда Өзбекстан менен БАЭнин тиешелүү мекемелери ортосунда протоколго кол коюлган. Анда эки өлкөнүн жарандарынын визасыз кирүү-чыгуу эрежелери такталган.

Документке ылайык, Өзбекстандын жарандары 30 күн БАЭнин аймагында визасыз жүрө алат.

Протокол расмий түрдө 16-февралдан тарта күчүнө кирет.