Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 38,35 чакырымы боюнча макулдашылды

Жетишилген макулдашууга ылайык, 10-16-январга чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 38,35 чакырымын макулдашышты.

Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.