Марал Радиосу

Ак-Сай капчыгайында жаракат алган орусиялык альпинист куткарылды (видео)

Орусиялык альпинист аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМге 12-январда туристтик компаниялардын биринен чалышып, Ысык-Көлдүн Ак-Сай капчыгайындагы «Рацека» жайында орусиялык Е. Ефремова аттуу альпинист бутунан жаракат алып калганын кабарлашкан.

Жерине министрликке караштуу Авиациялык издөө-куткаруу кызматы тик учак жөнөткөн. Куткаруучулар катаал аба ырайына карабастан, тик учакты 3800 метр бийиктиктеги «Рацека» мөңгүсүнүн тушуна кондуруп, жабыркаган аялды куткарып калышкан.

Альпинист тез жардам кызматына өткөрүлүп берилгени, учурда абалы канааттандырарлык экени айтылды.

Exit mobile version