Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open эл аралык турниринде алтын медаль алды.
62 салмактагы Кыргызстандын балбан кызы 1/16 беттештен баштап күрөшүп, алгачкы атаандашы америкалык Адауго Нвачуквуну 4:0 эсебинде, 1/8 финалда кытайлык Яру Вуну 5:0 эсебинде утуп алган.
Чейрек финалда орусиялык Алина Касабиеваны 7:3 эсебинде жеңип алып, жарым финалга өткөн.
Жарым финалда япониялык Сакура Мотокиге 0:3 эсебинде утулуп жатып, оюндун соңку мүнөттөрүндө упайларды теңеп, 3:3 артыкчылык эсебинде жеңишти алып кеткен.
Финалда дагы бир америкалык балбан кыз Кайла Мираклини 7:0 эсебинде утуп, чемпион аталды.