Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбекова Zagreb Open турниринде алтын медаль алды

WW 62kg Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)

Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open эл аралык турниринде алтын медаль алды.

62 салмактагы Кыргызстандын балбан кызы 1/16 беттештен баштап күрөшүп, алгачкы атаандашы америкалык Адауго Нвачуквуну 4:0 эсебинде, 1/8 финалда кытайлык Яру Вуну 5:0 эсебинде утуп алган.

Чейрек финалда орусиялык Алина Касабиеваны 7:3 эсебинде жеңип алып, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда япониялык Сакура Мотокиге 0:3 эсебинде утулуп жатып, оюндун соңку мүнөттөрүндө упайларды теңеп, 3:3 артыкчылык эсебинде жеңишти алып кеткен.

Финалда дагы бир америкалык балбан кыз  Кайла Мираклини 7:0 эсебинде утуп, чемпион аталды.