Марал Радиосу

Баткенде чек ара чатагында кыйраган соода жайлар калыбына келтирилди

2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда болгон кыргыз-тажик чек ара чатагында кыйрап калган соода жайлар калыбына келтирилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Министрликтин кызматкерлери 10-11-январда Баткен жана Лейлек райондоруна иш сапар менен барышып, соода-экономикалык имараттарды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, ишкерлердин абалы менен таанышып чыгышкан.

Кыйраган имараттардын бири Лейлек районунун Интернациональный айылындагы «Достук» базары куралдуу кагылышта толук талкаланып калган. Учурда соода жай кайра салынган. Соодагерлер 300 миң сомдон кенемте, аны менен катар 1 млн сомдон 5 млн сомго чейинки өлчөмдө пайызсыз ссуда алышканын айтып беришкен.

Ушундай эле калыбына келтирүүлөр, кенемте, ссуда алуулар башка да айылдарда жүргөн.

Кыргыз-тажик чек ара чатагына байланыштуу Президент Садыр Жапаров «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын негизинде жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында Экономика жана коммерция министрлиги атайын тартип иштеп чыккан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик чек ара чатагында 208 ишкер жабыркаганы аныкталып, тартипке ылайык, ар бирине 300 миң сомдон бир жолку кенемте төлөнүп берилген. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен жалпы 63 млн сом бөлүнгөн.

Exit mobile version