Марал Радиосу

Чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанда жүрүүсүнүн жаңы тартиби кандай?

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү жана кирүү тартиби өзгөргөнүнө эки жарым айдын жүзү болду. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, жыл жаңыргандан бери өлкөгө 136 өзбекстандык киргизилген эмес. Себеби алардын Кыргызстанда жүрүү мөөнөтү бүтүп калган же каттоодон өткөн эмес. Ал эми башка мамлекеттин жарандары менен мындай маселе азырынча жок. ЕАЭБге мүчө мамлекеттин жарандары алты ай сайын каттоодон өтүп турушу керек. Каттоо мезгилинде Кыргызстанда жүргөн максатын билдирип же иштеп жүргөн болсо, эмгек келишимин көрсөтүп, бир жылдык мөөнөткө узартууга болот.

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартиби 2023-жылдын октябрь айында өзгөргөн. 2024-жылдын 11-январына чейин Өзбекстандын 136 жараны Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу бүгүн, 11-январдагы маалымат жыйында Чек ара кызматынын өкүлү Мелис Памиров билдирди.

«Жыл башынан бери 136 Өзбекстан жараны өткөрүлгөн эмес, бардык учурлар кыргыз-өзбек чек арасында катталган. Алар чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартиби өзгөргөндүгүнө байланыштуу кире албай калышты. Токтомго ылайык, Өзбекстандын жарандары 60 күн Кыргызстанда жүрүүгө укугу бар, 60 күндүн ичинде ал жаран каттоодон өтпөй, виза албай, 59 күн жүрүп, кийин кайра кирем дегенде, ага токтом жол бербейт. Ал жаран 60 күндөн кийин гана кириши керек же узак мөөнөткө жүрүү үчүн максатына жараша виза алуусу зарыл». 

Мелис Памиров чек арадан өтүүдө коңшу Казакстандын жарандарында көйгөй жок экенин кошумчалады. «ЕАЭБге киргендигине байланыштуу Казакстандын жарандарына карата жаңыланган эрежелер 2024-жылдын сентябр айынан тарта колдонулат», — деп түшүндүрдү Памиров.

Буга чейинки тартипте чет элдик жарандар Кыргызстандын аймагында 30 күн каттоосуз жүрүп, мөөнөтү бүткөндөн кийин башка өлкөгө чыгып кетип, кайра кирип, дагы 30 күн эркин жүрүп келишкен. Жаңы тартипке ылайык, эми алар 90 күн каттоосуз жүрсө болот. Мөөнөтү бүткөндө каттоого турушу же өлкөдөн чыгып кетиши кажет. Кайра да каттоосуз жүрүү үчүн чыгып кеткенден 90 күндөн кийин гана кайтып келе алышат.

Бул тартип ЕАЭБ мамлекеттерине да тиешелүү болуп, алар Кыргызстанда 90 күндөн ашык жүрүүнү ниет кылышса, сапардын максатына жараша уруксат кагаздарын алууга тийиш. Документтерге жашаган жери боюнча каттоо, убактылуу жашап турууга уруксат, «Кайрылман», «Мекен-карт» макамдары кирет.

Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин үчүнчү катчысы Азамат Калысбеков чет өлкөлүк жарандардын келүү тартиби жөнүндөгү жаңы жобого окшош эрежелер башка өлкөлөрдө да кеңири таралганын белгиледи.

«Белгилей кетчү нерсе, ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарына да визасыз режим колдонулат. Алар Кыргызстандын аймагында 30 күн ичинде каттоого турушу керек. Ошондуктан биздин жаңы эрежелерге ылайык, ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарына 90/100 эсеп мөөнөтү колдонулат. Бул эсептөө кандай болот? Мисалы, Казакстандын же Орусиянын жараны Кыргызстанга келгенден кийин каттоого турбастан 30 күнгө чейин кирип-чыгып, 10 күнгө келди, 20 күнгө келди, ушинтип кирип-чыгып жүрүп 90 күнгө чейин каттоосуз, максатын белгилебей жүрө алат. Бирок, белгиленген 90 күндү бир нече жолу кирип-чыгып колдонгондон кийин алар Кыргызстандын аймагында каттоосуз жүрө албайт. Алар бул жакта жүрүү максатын билдирип, тийиштүү кагаздарды алгандан кийин гана өлкөдө жүрө алат. Ошондой эле бул принцип жалпы дүйнөдөгү мамлекеттерге колдонулат.  Жалпы визалык мамлекеттер болсо, Индия, Кытай жарандарына ал визанын жүрүү мөөнөтүнө ылайык саналат. Ошондой эле принцип менен визасыз мамлекеттерге биз саноо эрежесин киргизгенбиз. Мисалы, визасыз жүрүү мөөнөтү 60 күн болсо, ал бүткөндөн кийин Кыргызстанда жүрүү үчүн виза алышы керек. Же болбосо 60 күндөн кийин кирүүгө урусат берилип, кайрадан нөлдөн саналат».

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин миграция бөлүмүнүн башкы адиси Гүлбарчын Турдубаева жалпысынан чет өлкөлүк жарандарды каттоо көрсөткүчтөрү өзгөрбөгөнүн айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанга эң көп Орусиянын жана Өзбекстандын жарандары кирет.

«2023-жылы чет өлкөдөн келген жарандардын саны 2022-жылга карата салыштырганда айырма жок. Биздин өлкөгө көбүнчө туристтер келет. Алар туристтик мезгилге жараша ар кандай болуп турат. Биз жүргүзгөн анализге карата Кыргызстанга Орусиянын жана Өзбекстандын жарандары көп келет. Орусиянын жарандары ар алты ай сайын каттоодон өтүп турат. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Алар каттоо учурунда бул жакта жүрүү максатын көрсөтүшү керек. Эгер иштеген жарандар болсо, эмгек келишимин көрсөтүшү зарыл, биз ошого жараша бир жылдык мөөнөткө узартып беребиз. Ал документ чек ара кызматында да болот. Аны менен жарандар эч кандай чектөөсүз, мөөнөтү бүткөнгө чейин кирип-чыга берет. Ушундай эле эреже менен ЕАЭбге мүчө мамлекеттердин жарандары да колдонсо болот». 

Ошол эле учурда Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан мамлекеттеринин жарандарын 180 күндөн ашык мөөнөткө каттоого уруксат берилбейт. Бирок сапардын максатына жараша узартып алууга укуктуу болот.

Айта кетсек, Казакстан Visa-run режиминен ушул жылдын январь айында баш тартып, 90 күндүк каттоосуз жүрүү, 180 күндөн ашык мөөнөткө каттабоо тартибин кабыл алышкан.

Өзбекстандын жарандарына жарым жылдык визанын баасы 10 доллар, бир жылдык визанын баасы 20 доллар. Бул эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизинде бекитилген. Андан сырткары тышкы миграция мыйзамына ылайык, чек арага жакын жердеги Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын аймагында эки айлык мөөнөттө патент менен иштөөгө уруксат берилет. Бул визасыз жүрүү мөөнөтүнүн алкагында уруксат берилет.

Ал эми башка чет элдик жарандарга бир жылдык виза 220 доллар болсо, айрым мамлекеттерге бир айлык виза 50 доллар чегерилген.

  • 2022-жылы 83 400 виза чет өлкөлүк жарандарга берилген.
  • 2023-жылы 130 миңге чукул жаранга виза берилген.

Exit mobile version