Марал Радиосу

Орусиядан кылмышка шектелип качып кеткен адам Бишкектен кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн адам Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айтылган Б.М. аттуу адам Орусияда оор кылмышка шектелип, камакка алынарында качып кеткен. Мындан улам өлкөсүндөгү укук коргоо органдары эл аралык издөө жарыялаган.

Шектүүнү Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине Face-ID камералардын жардамы менен кармашкан. Тактап айтканда, камера анын эл аралык издөөдө жүргөн адам экенин аныктап берген.

Exit mobile version