Марал Радиосу

Казакстан Орусиянын айрым телеканалдарына бөгөт койду

Казакстандын TVCOM оператору Орусиянын айрым телеканалдарын «Казтелерадио» компаниясынын спутниктик жана интернет торчосунан өчүрүп салды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, компаниянын жетекчилиги мындай кадамга «чет элдик каналдарды акырындык менен кыскартуу» максатында барган. Ал эми TVCOM оператору калктын медиасабаттуулугу жогорулап, маалыматты көбүнчө социалдык тармактар аркылуу алып жатканын, андыктан телеканалдарга анчейин муктаждык калбаганын жазган.

Мындан ары Орусиянын «Первый канал СНГ», «Поехали», «Время: далекое и близкое», «Дом кино», «Телекафе», «Дом кино Premium», «Музыка Первого», «Победа», «Карусель», «Бобер», «О!» телеканалдары Казакстанда көрсөтүлбөйт.

Буга чейин Казакстандын мамлекеттик катчысы Ерлан Карин 2023-жылы олуттуу саясий реформалар жүргүзүлүп, улуттун жаңы сапатын калыптандыруу жараяны башталганын, ал 2024-жылда коомдук күн тартиптин негизги мазмуну болуп калышы мүмкүн экенин билдирген.

Exit mobile version