Кыргызгидромет билдиргендей, 10-январда Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18,
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +15…+17 градус жылуу.