Марал Радиосу

Чоң-Алайда мал уурдап, этин ашканага өткөрүп жүрүүгө шектүү кармалды

Чоң-Алай районунда мал уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 2-январында райондук ички иштер бөлүмүнө арыз түшкөн. Андан белгилүү болгондой, өткөн жылдын июль айында Ачык-Суу жайлоосунан 1971-жылы туулган И.Б.нын эки ую жоголгон. Таап алам деген үмүт менен ушул кезге чейин издөө салып келген. Айласы түгөнгөндө милицияга кайрылууну туура тапкан.

Арыз каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен иш ачылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында 2002-жылы туулган М.Б. кармалып, камакка алынган.

Тергөөдөн алынган маалыматтарга караганда, шектүү изделип жаткан эки уйду 11-июлда досунун «Портерине» жүктөп барып, Ош шаарындагы ашкана иштеткен тууганына 93 миң сомго саткан. Буга далил катары ашкана ээси мал сойдурган касапканадан уйлардын биркасы табылган.

Шектүү баш-аягы 7 уй уурдап, анын баарын айтылган ашкана иштеткен тууганына өткөрүп турган. Тергөө андан ары уланып жатканы айтылды.

Exit mobile version