Марал Радиосу

Жапониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 180ге жетти

жапония

Жапониянын Ното жарым аралынын жанындагы кубаттуу жер титирөөдөн каза болгон дагы 20 адамдын сөөгү табылды. Курман болгондордун саны 180ге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады.

Жабыркагандардын саны 565ке жетти. Кеминде 120 адам дайынсыз жоголуп, 28 миң тургун эвакуацияланган. Жер титирөө болгон аймакта 1370 имарат толук же жарым-жартылай талкаланган. Жапония өкмөтү жабыркагандарга 32 миллион доллар жардам берүүнү пландап жатат.

1-январдан бери Японияда 1200дөн ашык жер титирөө болду. Эң күчтүү жер титирөө 7,6 баллга жетти. Сейсмологдордун айтымында, жер титирөө дагы бир жумага созулушу мүмкүн.