Бүгүн, 8-январда Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтына Жогорку Кеңеш кабыл алган желек илинди. Желекти алмаштыруу салтанаттуу түрдө өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Мамлекеттик туу жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 1-январда борбордук аянттагы башкы желек алмаштырылган. Бирок парламент тарабынан кабыл алынган желек эмес, башка желек илинген. Бул коомдо катуу талкуу пайда кылган.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков туунун жаңы вариантына Министрлер кабинети толуктоо киргизип, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин айткан.
Жогорку Кеңеш 20-декабрда кабыл алып берген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга 22-декабрда президент Садыр Жапаров кол койгон.
Кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик туудагы Күн нурунун толкун сымал формасы түздөлүп, чамгарак төрткө көбөйгөн.