Бир жарым жылдын ичинде 13 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлө өз ишкерлигин ачышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Бир жарым жылдын ичинде “Социалдык контракт” программасына катышуу үчүн 14 985 арыз берилген, анын ичинен 12 800 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт аркылуу өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.
Бүгүнкү күндө дээрлик 13 миң бизнес-долбоордун ичинен 17 адам гана катуу оорудан жана башка форс-мажордук жагдайлардан улам долбоорду аягына чыгара алган жок. Калган катышуучулар эбегейсиз эрктин жана берилгендиктин, уюштуруучулук жана башкаруучулук жөндөмдүн мисалын көрсөтүшөт.
Программанын 12 800 катышуучусунун 95,8%ы негизинен айыл жеринде жашаган аялдар.
Министрлик 2024-жылы республикалык бюджеттен 2 млрд. сом бөлүү менен 20 000 үй-бүлөгө социалдык контрактты берүүнү пландоодо.