Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки көчө бүгүн, 6-январдан тарта бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн, 6-январдан тарта Турусбеков жана Үмөталиев көчөлөрү Москва, Жибек Жолу көчөлөрүнө чейинки тилкелеринде өзгөртүү кирет.
Ж. Турусбеков көчөсү — Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
Т. Үмөталиев көчөсү — Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай).
Мындан тышкары, 14-январга чейин төмөнкү көчөлөрдө бир тараптуу кыймыл уюштурулат:
— К.Акиев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
— К.Тыныстанов көчөсү М.Фрунзе көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
— И.Раззаков көчөсү Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
— А.Орозбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
Эки тараптуу кыймыл эки көчөдө уюштурулат:
— Т.Кулатов көчөсүнүн И.Панфилов көчөсүнөн Ю.Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
.